Монголиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Ганхуяг Содном болду



Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Монголиянын Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ганхуяг Содном кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын ардактуу миссиясында ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Казакбаев монголия тарапка Башкы консулдукту Монголиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигине кайра уюштуруу чечими үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жакын арада Кыргыз өлкөсүнүн Монголиядагы элчилигинин ачылышы тууралуу маалымат берди.
"Тараптар кыргыз-монгол мамилелеринин учурдагы абалын талкуулашты. Ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун келечеги, атап айтканда соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө басым жасоо жана борборлор ортосунда түз авиакаттамдарды ачуунун маанилүүлүгү тууралуу пикир алышты.
Өз кезегинде Монголиянын элчиси Содном министрге ыраазычылык билдирип, Монголиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жолдогон саламды жеткирди. Содном мырза баса белгилегендей, учурда Кыргыз Республикасы менен Монголиянын ортосунда кызматташуунун дээрлик бардык багыттары боюнча келишимдик-укуктук база толук калыптангандыгын белгиледи.
Монголиянын элчиси соода, экономика, айыл чарба, туризм, маданият жана илим тармактарында эки тараптуу мамилелерди активдештирүү жана реалдуу натыйжаларга жетишүү үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Apyn8793

29.10.2021. 12:20
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
,,Ганхуяк" жакшы иште эми )))
Aimani

29.10.2021. 18:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аты башкача эле элчи болсунчу бизге. Суранабыз
Asmat84

29.10.2021. 21:27
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болсо болгондур аты эле укмуш экен кысталак
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.