Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында беш күн бою таштар кулатылат
1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 1-ноябрдан 5-ноябрга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 132-чакырымында (Боом капчыгайы, темир жолдун 3902-чакырымы) коркунучтуу таштарды түшүрүү жумуштары жүргүзүлөт. Иш-чарага тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылат. Жумуштар ИИМдин ЖКККББ кызматкерлери тарабынан жолду жарым-жартылай тоскондон кийин күндүз саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт. Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке боюнча багытталат. 30-40тан ашык унаанын топтолушу менен таштарды түшүрүү иштери токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет. Иш-чаралар аталган тилкеде таш кулоо коркунучун алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

