super.kg logo

Опера жана балет театрынын директору: "Биздеги артисттердин эң жаңы кийими 25 жыл мурунку костюмдар"

 

Бишкектеги А.Малдыбаев атындагы опера жана балет тетрындагы артисттердин эң жаңы костюмдары 25 жыл мурунку костюмдар. Муну ЖКнын Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин 12-ноябрдагы жыйынында театрдын жетекчиси Тимур Саламатов айтты. Театр өзү тапкан кирешенин көпчүлүгү кийим, техникалык каражаттарды сатып алууга жумшала турганын кошумчалады ал.  

 

“Театрга самын, кир жуучу порошок сыяктуу каражаттарды сатып алууга эле жылына 100 миң сомдой кетет. Жарык берүүчү жабдууларды алмаштыра элегибизге 60 жыл болоюн деп калды. Бизде ижара акысы кымбат экени айтылып келет. Ал бааны Монополияга каршы күрөшүү агенттиги коюп берген. Чоң залга 1 саатына 20 миң сом, кичи залга 10 миң сом”,- деди Саламатов.  

 

Аталган театрда учурда 500дөй кызматкер эмгектенип жатканы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: