super.kg logo

"Империя пиццы" кафесинин тамагынан клипмейкер Эрнист Сыдыков жана ата-энеси да ууланды

 

"Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 300 болгон. Алардын арасында клипмейкер Эрнист Сыдыков жана анын ата-энеси да бар.

Эрнист мырза менен кабарлашканыбызда, ал үй шартында дарыланганын айтып буларга токтолду.

"Ата-энемдин үйүнө конокко бара жатып инимдин каалоосу менен "Империя пиццы" кафесинин филиалынан суши роллы, пицца алып кеткем. Биз суши жегенбиз, балдарым пицца жешкен. Эртеси күнү уулануунун белгилери байкалды, аябай кыйналдык. Ата-энем, иним, келиним ууланды. Балдарым эч нерсе болгон жок, сушиден ууландык го деп калдым. "Тез жардам" кызматын чакырып, үй шартында дарыланууну чечтик. 5 күн жаттык, азыр жакшы болуп калдык.

Мекемеге ууландык деп кайрылсам дүмүрчөк сурады. Мен аны ошол жакка калтырып кеткенимди айттым, эч нерсе дешкен жок. Кайра кайрылган жокмун", - деди ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан. Буга чейин тамакка уулангандардын саны 85ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.

Ал эми 28-октябрга карата уулангандардын саны 300гө жеткени кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2021. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ууланса эмне экен. Ден соолук каалайбыз. как будто белгилуу адам уулангандай жазасынар го.
29.10.2021. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bikosh2015,аябай белгилүү адам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: