6 балалуу аялдын камактан бошотулушу: Андан жабыркагандар экинчи күн катары менен митингге чыгышты
Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында алдамчылыкка шектелген Асыла Талиповага каршы митинг өтүп жатат. Митингчилер президент Садыр Жапаров менен жолугушууну талап кылышууда.
Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын камактагы жетекчиси Улан Аалиевдин бир тууган эжеси Гүлзат Аалиева буларга токтолду.
"Биз бир нече талап менен митингге чыктык. Сөзүбүз Садыр Жапаровго жетишин каалайбыз. Биринчи талабыбыз милициянын полковниги Улан Аалиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлсүн. Экинчиси Асыла Талипованын айынан түрмөдө отурган адамдарды үй камагына чыгаруусун талап кылабыз. Асыла Талипованын айынан 30га жакын адам жапа чекти. Алардын ичинен сегиз адам УКМКнын СИЗОсунда отурат. Үчүнчүсү Асыла Талипованы камоо. Анткени ал жабырлануучуларга 2 миллион доллар бериши керек. Мындан сырткары тергөөчүлөрдүн да көзөмөлгө алынышын каалайбыз. Анткени бул ишти Асыла Талипованын колдоочулары карап, жабырлануучулардан Уланбек Аалиевге каршы көрсөтмө беришин талап кылышууда" - деп билдирди Гүлзат Аалиева.
Эскерте кетсек, буга чейин жактоочу Канат Хасанов алдамчылыкка шектелген аялды бошотуу талабы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына жалгыз пикетке чыккан. Анын айтымында, алты баланын энеси негизсиз кармалып, Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилген. Митингдин эртеси Асыла Талипова үй камагына чыгарылган.
22-октябрда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Аалиев, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы Талгат Куватбеков жана Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Айсулуу Рамазан кызы кармалган адамды кыйноого шектелип 2 айга камакка алынган.

