Ошто коомдук унаалардын айдоочулары сыйланды





Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын мэриясында автомобиль, транспорт жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Жасур Махмудов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаарда автомобиль транспорту жана жол чарба тармагында эмгектенген кызматкерлер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Ош шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөгө кошкон салымы, ак ниет эмгеги үчүн мэриянын Ардак грамотасы менен 20га жакын кызматкер сыйланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.