Хрусталь эне: "Каршылыктарга карабай төрөдүм, кызым мени өзгөрттү"
29 жаштагы Гүлмайрам Алимбай кызы тубаса айнек сөөк оорусу менен ооруйт. Ал төрөлгөндөн баштап эле бул дарт менен алышып, 21 жашында гана баса баштагандыгын айтат.
"Өзүм Баткен облусунун Сүлүктү шаарында төрөлгөм. Кийин менин ден соолугума байланыштуу шаарга көчүп келгенбиз. Үй-бүлөдө үч бир туугандын ортончусумун, менден башка эч кимде мындай оору жок. Эмнеден улам ушундай болуп калганым белгисиз, эми мага мааниси деле жок", - дейт Алимбай кызы.
Ошентип каарманыбыз 23 жашында Максат Исхаков аттуу мырзага турмушка чыккан. Жубайлардын чогуу түтүн булатып жашап жаткандарына быйыл 6 жылдын жүзү болуп, учурда 1 кыздын сүйүктүү ата-энеси. "Экөөбүз тең ден соолугубуздан мүмкүнчүлүгүбүз чектелген соң бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз" деген жубайлардын башынан үйлөнгөндөн кийин дагы бир топ кыйынчылык өткөн. Ал турсун дарыгерлер балалуу болуусуна каршы дагы болгон, себеби мындай дарт менен көз жаруу буга чейин катталбагандыгын айтышып, жоопкерчилик алуудан баш тартышкан. Бирок эне болууну көксөгөн каарманыбыз баарына даяр экендигин айтып, алты саны аман Айша аттуу кызды жарык дүйнөгө алып келген.
Ал эми Гүлмайрам Алимбай кызынын жолдошу Максат Исхаковдун дагы мүмкүнчүлүгү чектелген, ал 20 жашында бутун дарак басып, майып болуп калган. Ал буга чейин базарда бут кийим оңдоп үй-бүлөсүн багып келген. Какаганга муштаган болуп Исхаковдун базарда бут кийим оңдогон күркөсү да жакында эле өрттөнүп кеткен. Жаш үй-бүлө учурда чакан батирде турушат, көксөгөнү эле кичинекей болсо да өз үйүбүз болсо дешет.
Жаш үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш номери: (0773) 327-985
Айнек сөөк оорусу менен ооруган Гүлмайрам Алимбай кызы



1 |