Жер тилкеси "Ата-Түрк" сейил багынан бөлүнгөн. Бишкекте 43 миллион сомго аялдардын күрөш залы курулат

Жер тилкеси Бишкек шаарындагы "Ата-Түрк" сейил багынын жанындагы "Жаштык" дирекциясынын аймагынан бөлүндү.
"Жашыл көчөт курчаган аймакты кошуу менен, бөлүнгөн аянттын жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. "Жаштык" дирекциясынын аймагына зал куруунун максатка ылайыктуулугу - дирекцияда бассейни бар спорт комплексинин иштеши, спортчулардын машыгуу процесси толук кандуу болору менен негизделет.
Учурда Архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги аялдар күрөшү залынын долбоорун, ошондой эле архитектуралык-пландоо шарттарын жана инженердик-техникалык шарттарын иштеп чыгууга киришти. Ал эми залдын курулушуна керектүү документтер даярдалып, бекитилип бүткөн соң аялдар күрөшү залынын куруу иштери башталат.
Алгачкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объекттин курулушунун акыркы сметалык баасы залдын сметалык эсебинен кийин белгилүү болот", - дешти мекемеден.
Залдын курулушун Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жүргүзөт. Объекттин курулушу аяктап, пайдаланууга берилгенден кийин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин балансына өткөрүлөт деп кошумчалашты маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.