super.kg logo

Бир ай мурда убада кылынган. Ошто контейнерде жашап жаткан тургундар электр энергиясы, көмүр менен камсыздалды

 
Ош облусунун Ачы массивинде контейнерде жашап жаткан тургундардын көйгөйү чечилди. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов контейнерлерде жашап жаткан тургундардан кабар алып, 4 үй-бүлөгө азык-түлүк үчүн 10 миң сомдон тапшырды. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Зиядин Жамалдинов октябрь айында берилген тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн жерине барды.
"Ачы массивинде 8 үй-бүлө оор абалда контейнерлерде жашап жатабыз деп кайрылышкан. Октябрь айынын башында аталган тургундардын көйгөйүн жеринен көрүүгө баргам. Ачыда жашап жаткан тургундарды ун, көмүр менен камсыз кылууну жана бир ай ичинде электр энергиясын тартуу иштерин жүргүзүүнү тапшыргам. Бүгүн мен берген тапшырманын аткарылганына күбө болдум. Мындан кийин да бул жерде жашап жаткан 8 үй-бүлөдөн кабар алып турабыз. Алдыда турак-жай менен камсыз кылуу иштерин аткарууга аракет кылабыз”, - деди Зиядин Жамалдинов.
Белгилей кетсек, Зиядин Жамалдинов Ачы массивинде контейнерлерде жашап жаткан тургундардын көйгөйлөрүн уккан. Ош облусунун башчысы тургундардын көйгөйүн бир ай ичинде чечип берүүнү убада кылган. Берилген тапшырманын алкагында 15-октябрга чейин ар бир үй-бүлөгө ун, 8 тонна көмүр жеткирилип, электр энергиясы тартылган.
Маалымат үчүн: Июнь окуясынан жабыркаган 8 үй-бүлө 2020-жылга чейин Төлөйкөн айылында убактылуу күн кечирип келишкен. Аталган тургундар 2020-жылдан бери Ачы массивинде ӨКМ тарабынан коюлган убактылуу үйлөрдө жашап жатышат. Алар үчүн 2013-жылы Ачы массивинен ар бирине 6 сотыхтен жер бөлүнүп берилип, бирок электр энергия сыяктуу көйгөйлөрү чечилбей келген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: