super.kg logo

Дүйнөлүк банк мигранттарды окутууга, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүүгө даяр

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен онлайн жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, министр Кудайберген Базарбаев өлкө башчы Садыр Жапаровдун жарлыгынын алкагында "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына" негизделген социалдык саясатты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана пландары боюнча кеңири маалымат берди.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө жумуш менен камсыз болгон өлкөгө бизнес жүргүзүүгө окутуу, мигранттарды талап кылынган адистиктерге окутуу, калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча активдүү чараларды күчөтүү маселелери талкууланды.

"Мындан тышкары калкка, өзгөчө калктын аярлуу катмарына социалдык кызматтарды көрсөтүүнүн даректүүлүгүн жана айкындуулугун күчөтүү пландаштырылууда. Буга социалдык кызматтардын санариптик экосистемасын түзүү аркылуу жетишүү мерчемделүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында тараптар жарыяланган багыттар боюнча биргелешкен ишти мындан ары күчөтүүгө толук даяр экендиктерин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: