Сулайман-Тоо комплексиндеги бак-дарактардын кыйылышы боюнча жетекчиликтин ишмердүүлүгү текшерилет









Ош облусунун тургуну "Сулайман-Тоодо бак-дарактар кыйылып, суу жетпей куурап жатат" деген арызын калтырган. Бул кайрылуудан кийин президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, ӨКМнын кызматкерлеринин катышуусунда рейд жүргүзүлдү.
Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн белгилешкендей, текшерүү учурунда Сулайман-Тоодо бак-дарактар кыйылып, айрымдары сугарылбай куурап жатканы, ошондой эле Сулайман-Тоонун тазалыгына, чарбалык жумуштарына жана өрт коопсуздугун сактоодо жумуштар аткарылбай жатканы аныкталды.
"Текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин Сулайман-Тоо археологиялык музей комплексинин жетекчилигинин ишмердүүлүгүнө баа берилет", - дешти өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Bishkek-Kg

29.10.2021. 18:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу чоңдор жеткен намыссыз, жалкоода блиндер.
nazira...

29.10.2021. 19:44
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чын эле суүгарылбай аябай куурап калган дарактар көп, бооруң ооруйт. Кимге карайт экен дечүм. Зеленхоз эмес музей экен да көрсө.
adilbars

29.10.2021. 20:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жеп салган акчаларын да текшеришсин, толтура фактылар бар экен!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.