super.kg logo

"Жарыктын акчасын төлөп жатам да, бир лампадан эмне болот дешет". Министр электр энергиясы үнөмдөлбөй жатканын айтат

 
Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кыш мезгилинде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү боюнча аймактардагы абал менен таанышууда. Бул ирет ал Ысык-Көл жана Нарын облустарындагы электр энергиясы жана жылуулук менен камсыз кылуучу объектилердин, көмүр базарлардын абалы менен жеринен таанышты.
Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, Доскул Бекмурзаев энергетиктерге кышкысын электр жарыгын жана жылуулукту үзгүлтүксүз берүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Муну менен катар электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү керектигин баса белгиледи.
"Эртең менен саат тогуз, онго чейин үйлөрдүн короолорунун, мекемелердин тышкы жарыктандыруусу өчүрүлбөй турат. Жарыктын акчасын төлөп жатам да, бир лампадан эмне болот дешет. Бул туура эмес түшүнүк. Кыргыз өлкөсүнүн электр энергиясы суу ресурсуна түздөн-түз байланыштуу экенин жеткиликтүү түшүндүрүү керек. Муну менен катар энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонуу шарт", - деди министри.
Ошондой министр Балыкчы шаарындагы "Кемечилик" ишканасына барып, Бишкек ЖЭБине көмүрдү ташуунун жүрүшү менен таанышты. Муну менен отун базалардагы көмүрдүн запасы, баасы боюнча маалымат алды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
29.10.2021. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сволуштар
30.10.2021. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озунорчу жыргап жашап атсынар кан соргучтар,уйуно барып айтчы ошо жомогуну
30.10.2021. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эле тушунойлу. Свет очуп калса кышында озубузго зыян. Мен ашыкча светтин баарын очуруп турам. Негизги эмес кочолордоку светтерди да очуруш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: