super.kg logo

Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев 86 жаш курагында дүйнө салды

 

Кыргыз Эл жазуучусу, прозаик, драматург Мар Байжиев 86 жаш курагында дүйнө салды. Бул туурасында драматургдун небереси социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анда Мар Байжиев бүгүн, 29-октябрда көз жумганы айтылат.

Ал эми Кыргызфильм киностудиясынан жазуучу оорудан улам көз жумганын кабарлашты.

Мар Байжиев небереси менен.

Чыгаан драматург 1935-жылы 23-мартта Жалал-Абад шаарында туулган. Ата-теги Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан болгон. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тил жана адабият бөлүмүн, кийин Москвада Жогорку сценариялык курста окуган.

"Кыргызфильм" студиясында кабарчы, сценария бөлүмүндө ага редактор, Маданият министрлигинде башкы редактор, "Литературная газета" гезитине Кыргыз мамлекети боюнча кабарчы, Владимир Ленин атындагы балдар фондунун кыргыз бөлүмүндө төрага болуп иштеген.

1961-жылы анын "Каракурт" деген сатиралык аңгемелерден турган жыйнагы жарык көргөн. Кийин ал биротоло драматургия жанрына өткөн. "Эрге жеткендер", "Дуэль", "Биз - эркектер", "Ар бир үйдө майрам", "Күйөө жана колукту", "Байыркы жомок", "Алтынчы күнү кечинде", "Акыркы рейс" пьесаларын жазып, алар СССРдин жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө ийгилик менен коюлган. М.Байжиев кинодраматургияда да жемиштүү иштеп келген. Анын жазган сценарийлери боюнча "Кыргызфильм", "Өзбекфильм", "Казакфильм" студияларында көркөм фильмдер тартылган. Анын аңгемелеринин мотиви менен СССРдин башка аймактарында кыска метраждуу көркөм фильмдер тартылган. Кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которгон.

Мар Байжиев Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Эл жазуучусу, кинематографиянын отличниги.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Мар Байжиевдин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.10.2021. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жайы жаннатан болсун
29.10.2021. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуу инсан эле,жайы жаннаттан болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: