Кувейттиктер арасында Кыргыз өлкөсү жаңы туристтик багыт катары таанылды
Кыргыз өлкөсү кувейттиктер арасында туристтик өлкө катары таанылды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.
Маалым болгондой, Кыргыз жергесинин Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Жарандык авиациясынын президенти Абдалла Али Аль-Абдалла Аль-Салем Аль Сабах менен жолугушту.
"Элчи Абдалла Али Аль-Абдалла Аль-Салем Аль Сабахка Кувейт менен Бишкек жана Ош шаарларынын ортосунда түз аба каттамдардын ачылуусуна көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле Кыргыз тарап "Бешинчи аба эркиндиги” тууралуу мыйзамдын кабыл алынгандыгын жана Араб булуңундагы, анын ичинде Кувейт жарандарына визасыз режимдин киргизилгендигин белгиледи.
Өз кезегинде Абдалла Али Аль-Абдалла Аль-Салем Аль Сабах жүргүнчүлөрдүн санынын өсүүсүнө карата Kuwait Airways авиакомпаниясынын каттамдарын ачуу пландары менен бөлүштү. Ошондой эле бул жылы кувейттиктердин арасында Кыргыз жергеси жаңы белгилүү туристтик багыт катары таанымал болгондугун айтты. Эки өлкөнүн жарандык авиация жана туризм тармактарындагы мекемелеринин ортосунда кызматташууну арттырууга даярдыгын билдирди", - деп айтылат билдирүүдө.

