super.kg logo

Орусияда кыргыз мигранттарына эмгек акы төлөөдөн качкан компаниянын жетекчиси сот жообуна тартылды

 
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигине 13 Кыргыз жараны укуктары бузулуп жатканын айтып кайрылышкан. Анда алар жумуш берүүчү компаниянын директору мигранттардын эмгек акысын төлөбөй жатканын билдиришкен.
"Элчиликтин Сургут шаарындагы канцеляриясынын жардамы менен "Эстима" ишканасынын башкы директорунун алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан Кыргыз жарандарына карата келтирилген зыяндын орду толтурулду. Тактап айтканда, жумушчуларга 1 миллион 59 миң рубль өлчөмүндө каражат кайтарылып берилди", - дешти маалымат кызматынан.
​Белгилей кетсек, 2020-жылдын 29-октябрында элчиликке 13 кыргыз кайрылган. Алар 2020-жылдын май айынан октябрь айына чейин "Эстима" компаниясында эмгектенгенин, өздөрүнө бөлүнгөн иштерди так аткарышканын, бирок ишкананын башкы директору айлык берүүдөн качып жатканын билдиришкен.
Фото жана видео далилдер укук коргоо органдарына көрсөтүлгөндөн кийин аталган компаниянын башкы директоруна карата кылмыш иши козголгон. Алдын ала соттук отурумдарда директор күнөөсүн моюнга алып, Кыргыз жарандарына эмгек акы төлөп берүүгө макул болгон.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: