super.kg logo

"Кыз интимдик сүрөттөрүн жөнөткөн". Орусияда Кыргыз жараны 16 жаштагы кызды зордуктоого айыпталууда

 

Орусияда сүйлөшкөн кызын зордуктады деген шек менен 23 жаштагы Уран Матиев аттуу кыргыз жигити кармалган. Ал 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн экендигин орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 16 жаштагы өспүрүм кыздын ата-энеси сотко арыз менен кайрылышкан. Жигитке карата 2021-жылдын апрель айында "Сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасоого мажбурлоо" жана "Жеке кол тийбестикти бузуу" беренеси боюнча иш козголгон.

Окуянын чоо-жайы:

Уран Матиев 2020-жылы Алёна (аты өзгөртүлдү) аттуу 16 жаштагы кыз менен Инстаграм баракчасынан таанышкан. Алардын социалдык тармактагы кат жазышуусу кийинчерээк жолугушуу мамилесине өткөн. Бирок кыздын ата-энеси алардын мамилесине каршы болушкан жана сотко зордуктады деген арыз менен кайрылышкан. Тергөө учурунда жигиттин эжеси анын күнөөсүз экенин далилдеш үчүн кыз менен баланын жазышканын далил катары көрсөткөн. Ошондой эле жигитке интимдик сүрөттөрдү кыз өзү жөнөткөнү маалым болгон.

"Мен баарын кандай болсо, ошондой айттым. Мен күнөөсүз экениме ишенем. Ал эми Алёна аракты көп иччү. Мен аны ичимдиктен куткарууга көп аракет кылдым. Кийин ага жылдызыбыз келишпестигин айттым. Бирок Алёна менден экинчи мүмкүнчүлүк берүүнү суранып, менсиз жашай албастыгын айтты. Ал ата-энесине нааразы болчу", - деп айткан Уран Матиев.

Ал эми жигиттин эжеси Уран туура жолдо жүргөндөрдөн экенин белгилеген.

"Уран 12, мен 14 жаш кезимде апамдан ажырадык. Ал 23 жашында курулушта иштеп, жеке ишкерлик менен алектенип жаткан. Ал ичимдик ичкендерден эмес эле жана биздин үй-бүлөнүн тиреги. Уран кызга эч кандай жамандык кылган эмес, тескерисинге ага жардам берүүгө аракет кылган", - деген ал.

Ал эми Алёна жигитке карата эч кандай дооматы жок экенин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(6)
30.10.2021. 04:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээ Кудай сактасын
30.10.2021. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тобаа Аллам өзү сактасын иштегени баргандан кийин Алёнасы жок эле жургулочу кыргызымдын жигиттери өз жеринерге келгенде гулчотайлардан той кылып алып аласыңар.кай жерде болбогула аман болгулачы кыргыз мусулман жигит кыздары.
30.10.2021. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бизде "Кыз балага кырк жерден тыйуу" деген туура да. Орустарда андай жок, ошон үчүн кыргыз кыздар менен эле сүйлөшпөптүр, баланын өзүндө күнөө. Тооба кылдым эми эптеп кутулуп кетсин жүн баштан, экинчи жакындагыс болот анан.
30.10.2021. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Күнөө кызда, кутулуп кетсе экен
30.10.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Башка сайттардан окуп чыктым,бул баланы следак допроско чакырыптыр,допросто бул бала айтыптыр мен кызды зордуктаган эмесмин,озунун макулдугу менен болгонбуз деп,доказательство бар видео дептир,следак видеону көрсөт ишти жабам деп көрүп андан кийин жаңы иш ачып :изготовление порно:камап салыптыр сизого,өзү күнөөлүү допроско адвокат менен барыш керек болчу
KaGaH түзөттү 2021-10-30 15:02:54
30.10.2021. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Россияда кыргыз кыздар эле эмес жигиттер да этият болгула, орустар менен келечегинерди коро албасанар алыс эле болгулачы, влайым акталып чыгып кетсин жигит.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: