Түркиянын биржалар бирлигинин президенти Садыр Жапаров менен тоо коюнунда түшкөн сүрөтүн жарыялады
29-октябрда президент Садыр Жапаров Түркиянын Палаталар жана биржалар бирлигинин президенти Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглуну кабыл алды. Расмий жолугушуудан кийин алар тоо коюнуна чыгышты. Бул туурасында түркиялык мейман социалдык тармактагы баракчасына жазып, Садыр Жапаров менен бийиктиктен чогуу түшкөн сүрөтүн жарыялады.

"Садыр Жапаровдун чакыруусу менен Кыргыз жергесине келдик. Ысык-Көлдөгү деңиз деңгээлинен 3 миң 400 метр бийиктиктеги Тянь-Шань тоо кыркасынан салам жолдойм", - деп жазат Мустафа Рыфат Хисаржыклыоглу.
Белгилей кетсек, тараптардын расмий жолугушуусунда соода-экономикалык кызматташтыктын жана маанилүү долбоорлорду ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Рыфат Хисаржыклыоглу түркиялык инвесторлордун кызматташууга жогорку кызыгуусун жана Кыргыз жергесинде долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
5

Комментарийлер(1)
KAMRI70

30.10.2021. 21:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турциядан келген конокторду башка бирөө тоого алып чыкса болбойбу,сөзсүз президент өзү алып чыгыш керекпи?Президентте башка иши жокпу?
KAMRI70 түзөттү 2021-10-30 21:24:17
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.