super.kg logo

Садыр Жапаров "Алтын Балалык" борборуна барып, курулуш иштери менен таанышты

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-октябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан «Алтын Балалык» медициналык-реабилитациялык комплексине барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Ага ылайык, мамлекет башчысы комплекстин ишмердиги менен таанышып, медициналык имаратты жана палаталарды, курулуш иштеринин жүрүшүн көрүп чыкты.

«Биздеги эң баалуу нерсе бул - балдарыбыз. Жаш жарандарыбыздын ден соолугуна кам көрүү бул - бүтүндөй өлкөнүн ийгиликтүү келечегинин пайдубалын түптөө», - деп белгиледи президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров борбордун ар бир бөлүмү заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылышы керектигин белгилеп, комплекске бейтаптардын келүүсүнө ыңгайлуу болушу үчүн бардык шарттарды түзүүнү тапшырды.

Буга чейин каражаттын тартыштыгынан улам комплекс бүтпөй калганы маалымдалган. Мамлекет башчысы ушул жылдын 19-мартында реабилитациялык комплекске барып, курулуш иштеринин талап кылынган көлөмү менен таанышып, аны реконструкциялоону баштоону тапшырган.

"Октябрь айында балдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга бул борборду ишке киргизүү үчүн каражат чогултуу максатында кайрымдуулук марафону жарыяланган. Марафондун жыйынтыгында 30 миллион 90 миң сом чогултулду жана комплекстин курулуш иштерин тездетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Долбоорго ылайык, комплекс 8 блоктон турат, анда төмөнкү бөлүмдөр болушу керек: аллергологиялык, онкологиялык, пульмонологиялык, акушердик-гинекологиялык, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврологиялык бөлүмдөр. Ошондой эле комплексте уктоочу бөлүмдөр, клиникалык лабораториялар, тамактануучу, кир жуучу жай жана магниттик-резонанстык томография орнотуу каралган", - деп жазылат маалыматта.

Комплекстин жайгашуусу Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги климаттык жана бальнеологиялык шарттарды эске алуу менен тандалган.

Поликлиника бөлүмүнүн базасында Инновациялык кардиохирургия борбору ийгиликтүү иштеп жатат, анда кайрымдуулук фонддорунун эсебинен жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган беш бейтапка бекер операция жасалган. Ошондой эле Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун 10 орундуу балдар соматика бөлүмү ачылды.

Жакынкы аралыкта Адам репродукциясы илимий борборунун адистери консультациялык-диагностикалык бөлүмдө гинекологиялык оорулары бар аялдарды кабыл алып, кеңеш беришет. Мындан тышкары беш бөлмө: УЗИ кабинети, манипуляциялык кабинет, дарылоо бөлмөсү жана аялдарды кабыл алуу үчүн эки дарыгерлер бөлмөсү ишке киргизилет.

Эгер комплекс толук ишке кирсе, бир эле убакта 500 энеси бар баланы, анын ичинде чет өлкөлөрдөн келгендерди да кабыл ала алат.

Садыр Жапаров курулуш иштерин тездетип, медициналык реабилитациялык комплексти 2022-жылдын 1-июнуна чейин бүтүрүүнү жана пайдаланууга берүүнү тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: