super.kg logo

Садыр Жапаров иш сапары менен Глазго шаарына барат

 

Президент Садыр Жапаров 1-2-ноябрда Глазго шаарына (Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландия) иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Иш сапардын алкыгында, президент Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясына катышат. Ошондой эле дүйнө лидерлеринин Саммитинде кайрылуу жасайт.

Мындан сырткары Саммит аянтчасында мамлекет башчысы чет өлкөлүк кесиптештери, эл аралык климаттык уюмдардын жана көп тараптуу өнүктүрүү банктардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрөт.

Маалымат үчүн: БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26-сессиясы 2021-жылдын 31-октябрынан 12-ноябрга чейин Глазгодогу Шотландиялык конгресс-борбордо өтөт. Алкактык конвенцияга 197 өлкө кошулган. Конференция жыл сайын өтүп келет.

Тараптардын конференциясы БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын ишке ашуусуна обзор жана мониторинг жасоого, чечимдерди кабыл алууга жооптуу орган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
30.10.2021. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Женил барып оор келсин биздин Ажообуз!
30.10.2021. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Олкобуздо ондурулгон алтындын тагдырын чечет буюрса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: