Тажикстанда 3 кыргыз мугалими КМШ билим берүүсүнүн мыктысы аталды
Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында билим берүү тармагына арналып өткөрүлүп жаткан съездде 3 кыргыз мугалими "КМШ билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланышты. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн атынан Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Уланбек Мамбетакунов, өлкөнүн мектептеринин директорлору жана мугалимдери, жогорку окуу жайларынын окутуучулары катышууда.
"Съезддин алкагында КМШ өлкөлөрүнүн жалпы билим берүү уюмдарындагы билим берүүнүн сапатын арттыруу, билим берүү системасына инновациялык технологияларды киргизүү, санариптик доордо мугалимдердин кесиптик жактан өнүгүүсүн кубаттоо системасын түшүнүү маселелери каралууда.
Анын алкагында Нарын обласунун Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектебинин информатика мугалими Н.Макелеева, Бишкек шаарынын №67 мектеп-гимназиясынын информатика мугалими Е.Бережнова, Ош гуманитардык университетинин Лингвистикалык изилдөөлөр борборунун директору, филология илимдеринин доктору, профессор К.Зулпукаров "КМШ билим берүүсүнүн мыктысы" төш белгиси менен сыйланышты.
Ошондой эле алгачкы Педагогикалык чеберчилик эл аралык фестивалын өткөрүү мерчемделүүдө, анын жыйынтыгы боюнча "Мугалим", "Тарбиячы", "Психолог/социалдык педагог" деген үч номинацияда байге ээлери аныкталат", - деп жазылат министрликтин маалыматында.
