super.kg logo

Садыр Жапаров 4-класстын окуучусу жазган катка жооп берди

 

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарындагы №8 орто мектептин 4-классынын окуучусу Арсен Мукаевге китептерди белек кылды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Арсен Мукаев президентке кат жазып, космос, динозаврлар, канаттуулар жана жаныбарлар тууралуу китептерди окууга болгон ынтызарлыгы тууралуу айтып берген.

Мектеп окуучусунун катын алгандан кийин Садыр Жапаров ага бир нече энциклопедиялык китептерди белекке берүүнү чечкен.

"Президенттин администрациясынын кызматкерлери баланын үйүнө барып, ага президенттин атынан энциклопедияларды тапшырышты.

Арсен Мукаев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бир нече жылдан бери президенттин администрациясына кат жолдоп келгенин, бирок ага бир гана Садыр Жапаров көңүл бурганын айтты. Ал китеп окуганды абдан жакшы көрөт жана дайыма китепканага барат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(2)
31.10.2021. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азамат
31.10.2021. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эл уулу бол. Азамат бала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: