Азамат Жаманкулов: "Мар Байжиев кыргыз эли үчүн эбегейсиз зор мурасты калтырып кетти"
Бүгүн, 31-октябрда Кыргыз Эл жазуучусу, драматург, "Манас" орденинин ээси Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын алдында болуп өттү.
Коштошуу зыйнатында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов сөз сүйлөдү.
"Кыргыз элинин кабыргасы кайышып, аза күтүп турат. Кыргыздын чыгаан уулу, прозаик, публицист, драматург, котормочу, Кыргыз Эл жазуучусу 86 жаш курагында дүйнө салды. Мар Байжиев кыргыз эли үчүн эбегейсиз зор мурасты калтырды.
Анын чыгармалары, тасмалары, котормолору кыргыз жашап турганда элдин арасында, элдин жүрөгүндө. Мар Ташимович (ред.: Байжиев) кыргыз үчүн, кыргыз адабияты, кыргыз маданияты үчүн жашады.
Кош болуңуз, Мар Ташимович, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, орунуңуз бейиште болсун", - деди Жаманкулов.
Белгилей кетсек, Мар Байжиев 29-октябрда 86 жаш курагында дүйнө салды.



1 |