super.kg logo

Лейлектин Чурбек айылындагы жаңы мектептин курулушу качан бүтөрү белгилүү болду

 

Баткен облусунун Лейлек районунун Чурбек айылындагы М.Юлдашев атындагы мектептин курулушу 85 пайызга бүтүп калды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти.

Жаңы мектеп 2-кабаттуу окуу корпустан, ашкана, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1604,4 чарчы метрди түзүп, долбоордук кубаттуулугу 225 окуучуга эсептелген.

"Бүгүнкү күнгө карата мектептин окуу корпусундагы жумуштар аягына чыгууда. Ошондой эле подряддык уюм тарабынан спорттук залынын курулушу, окуу эмерек менен жабдуу жана аймакты көрктөндүрүү жумуштары аткарылууда. Объекттин курулуш даярдыгы 85 пайызды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган объекттин сметалык наркы 64 миллион 616 миң 200 сомду түзүп, толугу менен каржыланды. Курулуш иштерин ноябрь айында бүтүрүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: