super.kg logo

"Чоң реформаны ишке ашырууда өтө аз убакыт". Милициянын кайгуул кызматынын түзүлгөнүнө эки жыл толду

 

Бүгүн, 31-октябрь Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын түзүлгөн күнүнө туура эки жыл толуп турат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, ИИМдин түзүмүн реформалоонун алкагында келип чыккан түзүм бүгүнкү күндө коомдук коопсуздукту сактоо, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө жана 102 линиясы боюнча жарандардан келген чакырууларды тейлөө багытында иш алып барып келет.

"Реформа багытында сөз кылып, аны талкуулаганда кошуна өлкөлөрдүн тажрыйбасын, дүйнөлүк практиканы эске алгыбыз келет. Ошол эле Грузия, Сингапур жана Украинада ИИМдин түзүмүн өзгөртүү багытында жасалган реформа эмне деген убакытты, өкмөттүн ресурс жана каражаттарын, курмандыктардыталап кылган. Бирок ошол өлкөлөрдүн эли реформанын ишке ашышын күттү, сабыр кылды, бүгүн анын түшүмүн көрүп отурушат.

А бизде, Кыргыз өлкөсүндө бул түзүмдүн ачылганына болгону эки жыл гана убакыт болду. Эки жыл деген убакыт өкмөттүк деңгээлдеги чоң реформаны ишке ашырууда өтө аз убакыт! Ошого карабастан биз, милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүздү жакшы натыйжада коомчулукка көрсөтө алдык.

Албетте, кызмат болгон жерде кемчиликтер да болот. Аларга өз убагында реакция кылып, кайра калыбына келтирүү багытында жетекчилик тарабынан тапшырмалар коюлуп жатты.

Урматтуу достор, социалдык тармактардын колдонуучулары жана жарандык активисттер, сиздердин буга чейин бизге айтылган суроо-талаптарыңыздар, сын-пикириңиздер жана сунушуңуздар өтө маанилүү болуп турду. Коомдо коомдук пикирди жаратып, тең салмактап турган күчтөр болушу керек. Сиздерге да терең ыраазычылык", - деп билдирди милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: