super.kg logo

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева пандемия учурунда Борбордук Азиядагы адам укуктарын коргоо боюнча аймактык онлайн конференцияга катышты

 

Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева COVID-19 пандемиясынын учурунда Борбордук Азиядагы адам укуктарын коргоо боюнча аймактык онлайн конференцияга катышты. Бул тууралуу акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришти.

ЕККУнун Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жана Казакстандагы программалык кеңселери тарабынан демилгеленген иш-чара Борбордук Азиядагы пандемия учурунда адам укуктары жаатында иштеген адамдар туш болгон көйгөйлөрдү талкуулоо жана мүмкүн болгон чечимдерди издөө үчүн аянтча түздү. Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү алынган сабактарды эске алуу менен адам укуктарын коргоо маселелерин чечүүдө кызматташуу тажрыйбасы менен бөлүшө алышты. Конференцияга Кыргыз өлкөсүнүн, Өзбекстандын, Казакстандын жана Тажикстандын омбудсмендери жана укук коргоочулары да катышты.

Чакан топтордо иштөө учурунда катышуучулар төмөнкү маселелерди талкуулашты:

  • Пандемия учурунда сиз жана сиздин жамаат кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
  • Жарандардын кайсы категориялары пандемиянын шартында укуктарын коргоо жагынан эң аяр болуп чыкты жана пандемияда кандай демилгелер жана долбоорлор пайда болду?
  • Пандемия учурунда адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташуусунун кандай мисалдарын билесиз?
  • Пандемия учурунда адам укуктарын коргоо боюнча ишти кантип жакшыртып, уланта алабыз?





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: