"Эркекче!". Мектептерге сексуалдык билим берүүнү киргизүү зарылбы?
SUPER.KG порталына жана порталдын YouTube-каналына "Эркекче!" долбоорунун кезектеги чыгарылышы жарыяланды. Бул ирет мектеп психологу, социолог, дин таануучу, блогер жана ток-шоунун башка катышуучулары "Мектептерге сексуалдык билим берүүнү киргизүү зарылбы?" деген суроонун үстүндө талкуу жүргүзүштү.
Социолог Нура Садырбекова менен психолог Тынчтык Бакытов мектептерге сексуалдык билим берүү кирсе бул - аларды төшөк маселесине үйрөтүү эмес деп белгилешти.
"Анда балдар дааратканага туура баруудан баштап, өз денеси, кайсы органы эмнеге жооп бере тургандыгын да үйрөнөт. Ошол эле учурда балдар алардын денесине алардын уруксаты жок эч ким тийгенге болбой турганын үйрөнүшмөк. Бул секелек кыздардын зордукталып, аны эч кимге айта албай жашырып жүрүшүнүн алдын алмак", - деди социолог.
Дин таануучу Тилеккабыл Адыл уулу мектептерге мындай сабактарды киргизүүдөн мурун кылдат ойлонуп чыгуу зарылдыгын белгиледи.
"Атын да өзгөртүү керек. Балким, адеп сабагы деп киргизебиз. Бирок ошондо дагы сабактын өтүлүш форматын ойлонуп чыгуу зарыл. Анткени бул биздин менталитетке туура келбей калышы мүмкүн. Биздин менталитетке ылайыкташтырып иштеп чыгып киргизсе, балким, болот", - дейт Адыл уулу.
Талкууну толугу менен видеодон көрүңүз.
кошулду

Сен апан менен кыздарын менен үйүңдө секс сабагын өтө бер уяты жок десен.
Апанды жыланач коюп,кыздарына,балдарына уят жерлердин аталышын айтып бер.Анан атанды чакырып,биз кантип жаралганбыз көрсөтүп бериңизчи де...
Жеткен тупой экенинди дагы бир жолу далилдедин.
Коп тема бар жаштар гана эмес улуулар билбеген айталбаган жашырылган жыйынтыгында ден соолуктун,уй булоонун бузулушуна алып келген.
Квалификациясы бар жогорку билимдуу атаын даярдалган адистин кана сабак берши керек.
Биз да мектепте окуганда баарын эле билип калганбыз.Бир абам бизди түшүнбөйт деди окшойт,бизге кыйыр түрдө түшүндүрүп берген.Ошол абамдай болуп көпчүлүгү балдар эч нерсени билбейт деп ойлойт окшойт.
Эгер мага койсо, эн оболу ошол сабак боюнча биринчи квалификациялуу мугалимдер болушу керек. Мисалы балким теологдор. Экинчиден бул сабактын ар бир программасын кылдаттык менен иштеп чыгуу керек.
Учурда эркектерде простатит оорусу, аялдарда эмчек рагы оорусу куч. Эгер туура таалим жана кенеш берилсе, ар бир кыз да, ар бир бала да тээ оспурум жашынан оз ден соолугуна туура кам корсо, кийин бул ооруларга чалдыгуу ыктымалы азаят.