"Тажикстанды утуп...". Волейбол боюнча кыздар курама командасы Азия чемпионатында коло байгеге ээ болушту
Волейбол боюнча Кыргыз өлкөсүнүн 19 жашка чейинки кыздар курама командасы зоналык Азия чемпионатында 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 26-30-октябрь күндөрү Өзбекстандын Наманган шаарында болуп өткөн. Аталган чемпионатка жалпы 4 курама команда: Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз өлкөсү катышкан.
Командалар бири-бири менен беттешип, жарым финалда Кыргыз өлкөсү 3:2 эсебинде Казакстанга жеңилген. Ал эми 3-орун үчүн күрөштө Тажикстан курамасы менен ойноп 3:1 эсебинде жеңип, коло байгеге ээ болушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.