super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: "Ак-Босого конушунда балдар аянтчасын "дежурный мастар" ээлеп алышкан" дейт окурман

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ак-Босого конушунун тургуну кайрылды. Анда ал аталган конушта балдар аянтчасында мас абалындагы адамдар отура берерин, ал жакка балдарын жөнөтүүдөн коркуп жатканын айтты.

"Ак-Босого конушунун 60-61-көчөлөрүндө жайгашкан балдар ойноочу аянтчага балдарды ойногонго жибергенден да коркосуң. Анткени кайсы убакыт болбосун топтошуп алып, арак ичкендер "дежурный мастар" отурат. Арактын бөтөлкөсү, чылымдын калдыктары ар кандай таштандыга толгон. Ушуларды көзөмөлдөп мыйзам чегинде жоопко тартса болобу? Чоңоюп эле калган балдарды дүкөнгө жибергенден коркосуң", - деп билдирди окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






"Ак-Босого конушунда балдар аянтчасында "дежурный мастар" кетишпейт" дейт окурман

 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.11.2021. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир айылда жашасанар чогулуп келип ортого салып чечишип алгыла.. э биринчи онугунууну озубуздон баштабайлыбы? Мисалы биз дагы шаардагы жаны конушта 6 кошкон эл менен турабыз, тигинтип ичип алгандарды чогулуп жазасын берип койдук тынч эле, реклама кылып интернетке жайбай эле…
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: