super.kg logo

Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин Саммити өтө турган жерге келди. Өлкө башчыны ким тосуп алды?

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-ноябрда Глазго шаарындагы SEC шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитине катышуу үчүн келди. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Саммит өтө турган шотландиялык көргөзмө борборунун кире беришинде мамлекет башчысын БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алды. Аны менен кыска саламдашуудан соң Садыр Жапаров менен Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон учурашты.

Мамлекет башчысынын БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин Саммитинин ачылыш аземине катышары күтүлүүдө.

Эртең, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров дүйнө лидерлеринин Саммитинин пленардык жыйынында кайрылуу жасайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: