Имарат ичи жаркырап... Жалал-Абадда 5 миңге чукул тургунга медициналык кызмат көрсөткөн мекеме оңдолду










Жалал-Абад шаарындагы Жеңиш кичи районундагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңыртылган имарат менен шаар мэри Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңешинин депутаты Марс Апатаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү таанышты.
"Имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жана жабдыктарды алуу үчүн 1 миллион 110 миң сомдон ашуун каражат сарпталган. Анын 30 пайызы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн болсо, калган 70 пайызы дем берүүчү гранттын эсебинен каржыланган. Андан сырткары жергиликтүү тургундар тарабынан да курулуштун айрым бөлүктөрүн ишке ашыруу үчүн 300 миң сом акча каражаты чогулган", - деп билдиришти мэриядан.
Аталган медициналык мекеме шаардын Жеңиш кичи районундагы 5 миңге чукул тургунга медициналык кызмат көрсөтүп келет.
