super.kg logo

Садыр Жапаров Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаров маданият жана искусство ишмерлерин кесиптик майрамы, маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Маданият - бул мамлекеттин, улуттун идеологиясы, түпкү өзөгү экенин, элибиздин аң-сезими адабият менен маданияттын таасиринде калыптанмайын, күчтүү, бакубат коомду кура албастыгыбызды буга чейин да айткан элем, дагы баса белгилеп айта кетейин. Кезинде кыргыз маданиятын болуп көрбөгөндөй бийиктикке алып чыккан Күлүйпа Кондучалова апабыздын "Маданиятты сактагыла, маданиятты сактасаңар, кыргызды сактайсыңар" деген керээз сөзүн ар дайым эсибизден чыгарбашыбыз кажет.

Маданият жана искусство чеберлеринин ата-бабаларыбыздан калган таберикти - элдик оозеки чыгармачылык, узчулук, кол өнөрчүлүк, көркөм адабий дөөлөттөрдүн учугун улап, кеңири жайылтуудагы салымы абдан зор.

Бүгүнкү күндө дагы көркөм өнөр жана маданият тармагы ар бир өлкөнүн экономикасынын жана саясатынын түркүгү болуп саналат. Маданият чөйрөсүндө ак кызмат кылгандар жаш муундардын мекенге, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу, аларды атуулдук намыска, жаратмандыкка тарбиялоо менен элдин маданиятын көтөрүп, өлкөнүн өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошуп келишет. Ошондуктан маданият жана көркөм өнөр ишмерлери кайсы гана коомдо болбосун, улут сыймыгы болуп келишкен.

Биз көөнөрбөс руханий мурасыбызды бөксөртпөй сактоодогу, элибиздин маданий казынасын байытуудагы эмгегиңиздерди жогору баалайбыз. Көркөм өнөрдүн бардык багыттарында — театр, кино, сүрөт, музыка жаатында жаңы табылгалар менен улуттук маданиятты өнүктүрүп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем.

Мамлекет тарабынан маданиятыбызды, ата-бабаларыбыздан калган көөнөргүс өнөрүбүздү сактап, андан ары өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келе жатат. Маданиятты жана искусствону колдоону, аны көздүн карегиндей сактоону жана келечек үчүн даңазалоону көңүл борборуна коюп, колго алабыз.

Мен тээ байыртан бери миң-миң сап "Манасын" ооздон түшүрбөгөн, эч бир калкта жок төкмөлүк өнөрдү аздектеп келген, өткөн доордо кино жаатында "Кыргыз кереметин" жараткан, "Ла-Скала" сыяктуу дүйнөгө атагы чыккан театрда Болот Миңжылкыевдин коңур үнүн жаңырткан кыргыз элинде дагы-дагы маданий шедеврлер жаралат деп ишенимдүү айта алам. Өлкөбүздө болуп жаткан бурулуш окуялардын жакшы жышааны менен мамлекетибизге олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизип, жакынкы жылдарда бийлик тарабынан искусствону жана маданиятты өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлөт. Элдин нукура руханий байлыгы болгон маданиятты, асыл наркты мындан ары да муундан-муунга улантып кетүүгө жалпыбыз күч үрөйлү", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: