"Орден берип дагы алдашты". Сот Акин Токталиевдин Садыр Жапаров менен Галина Байтерекке каршы доо арызын кабыл алды
Биринчи Май райондук соту Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровго жана мамлекет башчынын мурдагы пресс-катчысы Галина Байтерекке каршы доо арызын кабыл алды. Бул тууралуу Акин Токталиев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"Сот төртүнчү аракетимден кийин менин доо арызымды кабыл алды. "Даңк" орденин беришип, мени дагы бир жолу алдап коюшту. Ошондуктан сотко кайра кайрылдым. Сот отурумунда толук айтып берем. Орденди албайм десем коомчулуктун алдында реабилитация жасайбыз дешип артымдан кубалап жүрүп беришкен", - деп жазды ал.
Акин Токталиевдин президент Садыр Жапаровго жана мамлекет башчынын мурдагы пресс-катчысы Галина Байтерекке каршы ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин коргоо боюнча доо арызы 12-июлда кайтарылган.
кошулду





1 |