"Экологияга келтирилген зыян аныкталат". Араванда акиташты мыйзамсыз чыгарган жайлар аныкталды









Ош облусунун Араван районунда мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды. Бул туурасында президенттин аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашат.
Белгилүү болгондой, өлкө башчынын облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, Араван райондук жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ош облустук экология кызматы, Араван райондук салык кызматы жана РЭС жетекчилери менен биргеликте жүргүзүлгөн рейд учурунда Алля Анаров айыл өкмөтүнө караган жайытта жарандар тарабынан мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар аныкталды.
"Алля Анаров айыл өкмөтүнүн жашоочулары тарабынан 8 от казан курулуп, тиешелүү кызматтардан эч кандай уруксат кагаз албай, көп жылдан бери мыйзамсыз түрдө акиташ чыгарып келишкен. Анын натыйжасында экологияга чоң зыян келтирилип, аталган жайга чоң көлөмдөгү таштанды топтолуп калган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзамсыз акиташ чыгарып жаткан жайлар 1-декабрь күнү ишмердүүлүгүн токтотууга милдеттендирилди. Ошондой эле экологияга келтирилген зыяны аныкталып, айып пул салынат. Мындан сырткары буга чейин топтолуп калган таштандыны тазалоо тапшырмасы берилди.
Аталган жайда иштеп жаткан жергиликтүү тургундарга долбоор иштеп чыгып, тийиштүү уруксат кагаздарын алып, мыйзамдуу түрдө ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.