super.kg logo

Быйыл окуучулар үчүн каникулдун тартиби кандай болот? Билим берүү министрлигинин жообу

 

Өлкөдөгү орто мектептердин окуучулары 8-ноябрдан тарта күзгү каникулга чыгышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2021-2022-окуу жылында мектеп окуучулары үчүн каникул мезгили 5 күндүк окуу аптасын эске алганда 29 календардык күндү түзөт.

Күзгү каникул - 7 күн. Тактап айтканда 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин. Сабактар 15-ноябрь күнү башталат.

Кышкы каникул - 12 күн. 31-декабрдан 11-январга чейин созулат. Сабактар 12-январда башталат.

Жазгы каникул - 10 күн. 21-марттан 30-мартка чейин уланат. Сабактар 31-март күнү башталат.

Мындан тышкары 1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча апталык каникул күндѳрү берилет.

Эске салсак, 2021-2022-окуу жылында менчиктин түрүнө жана формасына карабай бардык билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: