Элчилик: "Кыргыз өлкөсүнүн вакцинация тууралуу сертификаттарын Орусиянын аймагында таануу жөнүндө өтүнүч каралууда"

Билдирүүдө жогорудагы көйгөйдү чечүү 10-июндан тарта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлүп, эмдөө сертификаттарын чет мамлекеттер тарабынан таануу боюнча максаттуу иштерди жүргүзүлүп жатканы айтылат.
"Вакцинация тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн сертификаттарынын үлгүлөрүн Орусиянын аймагында таануу жөнүндө өтүнүч менен дипломатиялык каналдар аркылуу Орусиянын ыйгарым укуктуу органдарына жөнөтүлдү. Бул маселе элчилик жыйындарында көтөрүлүүдө.
Орусия тараптын маалыматы боюнча, биздин кайрылуу учурда тиешелүү компетенттүү органдарда каралып, Кыргыз өлкөсүнүн эмдөө боюнча сертификаттарын таануу процедурасы аягына чыга элек. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Орусияда чет элдик сертификаттардын бири дагы тааныла элек.
Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен Орусияда жумушка орношууда жана QR-коддорун алууда кыйынчылыктарды болтурбоо үчүн элчилик мекендештерге бара турган өлкөсүндө тастыкталган орус препараттарын алуу максатка ылайыктуу деп эсептейт", - дешти мекемеден.
Кыргыз Республикасынын эмдөө сертификаттарын чет мамлекеттерде таануу боюнча иштер Тышкы иштер министрлиги, Тышкы соода жана инвестициялар жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин линиясы боюнча улантыларын кошумчалашты элчиликтен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.