super.kg logo

"Маркумдун териси кургап, сөөктөрү көрүнүп калган". Жалал-Абадда 39 жаштагы кишинин өлүмүнө шектелип бөтөлкөлөшү кармалды

 

Жалал-Абадда шеригин өлтүрүп, андан соң ээн талаага араба менен алып барып көмгөнгө шектүү кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Мекемеден билдиришкендей, 21-октябрь күнү саат 09:15 чамасында Ноокен РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургундар тарабынан билдирүү келип түшкөн. Анда Богот участкасынын түндүк тарабындагы ээн талаадагы чуңкур жерде белгисиз адамдын жансыз денеси сөөктөрү көрүнүп калган абалда жатканы маалымдалган.

"Жерине Ноокен районунун прокурору жана РИИБдин тергөө-ыкчам тобу, тиешелүү ыкчам кызматкерлер барышып, кароо жүргүзүлүп, керектүү материалдар чогултулуп алынган.

Белгисиз адамдын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүү учурунда, маркум болжол менен 35-40 жаш курактагы эркек киши экени аныкталган. Жансыз дене узак убакыттан бери туруп, териси кургап, сөөктөрү көрүнүп калган абалда болгон, тиешелүү буюмдар далил зат катары алынган.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Сотко чейинки иштин алкагында тиешелүү экспертизалар жана ыкчам кызматтарга тергөө тапшырмалары берилген. Маркум Ноокен районунун 39 жаштагы тургуну М.М. экендиги аныкталды", - дешти маалымат кызматынан.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары ошол эле райондун 1972-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну кармалган.

"9-октябрда шектүү Богот участкасындагы үйүндө маркум менен бирге арак ичип отуруп, сөз талашып уруша кетишкен. Шектүү жаран шеригин ичине бычак сайып өлтүрүп, андан кийин арабага салып, айылдын четиндеги ээн талаага алып барып көмүп койгондугун айтып көрсөтмө берген. Далил буюм катары араба, бычак жана башка тиешелүү нерселер алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Ноокен райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат", - деп кошумчалашты башкармалыктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
02.11.2021. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ичкиле дагы 7мдер!
02.11.2021. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мыкаачы болбой калсын, тообо кылдым Жаратканга.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: