Ошто мас абалында унаа башкарган айдоочуга 17 жарым миң сом айып пул салынды



Ош шаарында мас абалында унаа башкарган айдоочу кармалды. Ош шаардык Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, унаанын мамлекеттик белгиси да жасалма экени аныкталды.
Билдирүүгө ылайык, 2-ноябрга караган түнү саат 00:30 чамасында Ош шаарындагы Киров атындагы орто мектептин алдында кызыл түстөгү Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
"Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан унаа токтотулуп текшерүүгө алынган. Анда унаанын мамлекеттик белгиси жасалма экендиги анык болуп, айдоочусу мас абалында унаа башкарып бара жатканы наркология бөлүмүнөн тастыкталды. Айдоочуга карата Бузуулар кодексинин негизинде протокол толтурулуп, 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Андан тышкары унааны тийиштүү документи жок башкаргандыгы үчүн айдоочуга 122-берененин негизинде протокол толтурулду", - деп айтылат билдирүүдө.
Бул факты 173-берене ("транспорт каражатынын идентификациялык номерин жасалмалоо, пайдалануу же жок кылуу") менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө кызматында териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Taalaibek.

02.11.2021. 23:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баягы эле карапайым элдин канын сормой экен да. Чиновниктерди кармашса кана?
Nuria.5150

03.11.2021. 01:21
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бечара баягы эле карапайым , Ошто окуп жашап жүрүп бир нерсеге ынандым эле ушул көрүнүш дагы деле уланууда экенда . А Ормокеев иликтөөлөрүн токтотконбу ...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.