super.kg logo

Статистикалык комитет: "Улуттук банк аныктаган валюта курсуна ылайык орточо айлык 231 долларды түздү"

 

Өлкөдө ушул жылдын январь-август айларында бир кызматкердин орточо эмгек акысы (чакан ишканаларды эсептебегенде) 19 миң 586 сомду түздү. Бул былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,2 пайызга көбөйгөнүн билдирет дейт Улуттук статистикалык комитеттен.

Улуттук банк аныктаган валюталардын расмий курсуна карата алганда 2021-жылдын январь-август айларында бир кызматкердин орточо айлыгы 231,6 долларды түздү.

"Эмгек акынын өсүү темпинин жогорулашы республиканын бардык аймактарынын ишканаларында жана уюмдарында байкалды. Маянанын эң олуттуу жогорулоосу Ош облусундагы (10,9 пайыз), Ош шаарындагы (13,5 пайыз) жана Бишкек шаарындагы (9,9 пайыз) ишканалардын жана уюмдардын кызматкерлеринде байкалды. Эмгек акынын эң максималдуу өлчөмү Бишкекте 24 миң 931 сом, Нарында 18 миң 870 сом жана Жалал-Абадда 18 миң 609 сом экени катталды", - деп айтылат статистикалык маалыматта.


1-таблица: 2021-жылдын январь-августунда аймактар боюнча орточо айлык маянасы

Сом

Мурунку жылдын тийиштүү

мезгилине карата пайыз менен

Кыргыз Республикасы

19 586

109,2

Баткен облусу

14 307

107,8

Жалал-Абад облусу

18 609

106,5

Ысык-Көл облусу

14 572

105,8

Нарын облусу

18 870

106,0

Ош облусу

13 711

110,9

Талас облусу

17 587

104,4

Чүй облусу

17 356

107,8

Бишкек шаары

24 931

109,9

Ош шаары

17 625

113,5

2-таблица: 2021-жылдын январь-августунда аймактар боюнча бюджеттик жана бюджеттик эмес чөйрөнүн кызматкерлеринин орточо айлык маянасы

Сом

Мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен

бюджеттик чөйрө

бюджеттик эмес чөйрө

бюджеттик чөйрө

бюджеттик эмес чөйрө

Кыргыз Республикасы

15 746

26 136

105,9

111,1

Баткен облусу

13 726

16 841

106,6

111,0

Жалал-Абад облусу

13 328

30 906

103,8

105,0

Ысык-Көл облусу

13 530

17 465

104,7

108,2

Нарын облусу

17 673

25 871

104,7

111,2

Ош облусу

12 972

19 304

108,8

122,3

Талас облусу

13 007

38 038

103,7

105,1

Чүй облусу

14 574

21 376

103,9

110,9

Бишкек шаары

20 728

28 208

105,3

112,0

Ош шаары

15 934

21 096

113,1

113,6

Айлык акынын өсүү темпи жогорулаган тармактар:

* Маалымат жана байланыш - 41 миң 206 сом;
* Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу - 39 миң 686 сом;
* Пайдалуу кендерди казуу - 39 миң 41 сом.

Айлык акысы эң төмөнкү тармактар:

* Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу - 10 миң 28 сом;
* Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук - 11 миң 355 сом;
* Саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө - 11 миң 814 сом.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.11.2021. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайдагы жомокту айтып жатасынар элдер ишенип калат деп ойлоп жатасынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: