"Кыргызча кайрылуу, уйкусураган Байден, жалданган жеке менчик учак...". Садыр Жапаровдун Глазгого жасаган иш сапарынан урунттуу учурлар
31-октябрь күнү өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапары менен Улуу Британия Каролдугу жана Түндүк Ирландиянын Глазго шаарына учуп кеткен. Мамлекет башчысынын учагы Глазго шаарындагы эл аралык аэропортко конуп, аны траптан Ханыша Елизавета II жана Улуу Британия өкмөтүнүн жогорку өкүлдөрү тосуп алды.
Өлкө башчы Глазго шаарына жетери менен президент жеке менчик учак жалдап барганы айтылып, азыркыга чейин талкууга алынууда. Өз кезегинде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Британ тарап коопсуздук эрежелеринен улам президент учуп жүргөн ТУ-154 учагын кабыл алуудан баш тарткандыгын билдирген.
1-ноябрда Садыр Жапаров Глазго шаарындагы SEC шотландиялык көргөзмө борборуна БУУнун климаттын өзгөрүүсү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барды. Анда өлкө башчы бир катар жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Өз кезегинде Исландиянын өкмөт башчысы Катрин Якобсдоуттир Садыр Жапаров менен жолугушууда Кыргыз өлкөсү өзүнүн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай жатканын айтты.
Садыр Жапаров катышып жаткан саммитте АКШ президенти Жо Байдендин отурган жеринде уйкусурап жаткан видеосу социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынды.
2-ноябрда Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын дүйнөлүк лидерлеринин саммитинде кайрылуу жасады. Президенттин кайрылууну кыргыз тилинде жасагандыгы көпчүлүктүн мактоосуна татыды.
Ошол эле күнү Садыр Жапаров Фейсбук компаниясынын студиясында түз эфирде Кыргыз жарандарына жана аталган ири социалдык түйүндүн колдонуучуларына кайрылуу жасады.
3-ноябрь күнү өлкө башчынын Глазгодогу иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди.







1 |