super.kg logo

Ошто милициянын кайгуул кызматына пара сунуш кылган айдоочу кармалды

 

Ош шаарында милициянын кайгуул кызматына пара сунуш кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 2-ноябрь күнү Ош ШИИБи боюнча милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери Ош шаарынын Навои көчөсүндө кызмат өтөп жүргөн учурда Ош облусунун Ноокат районунун тургунунун башкаруусундагы Лада Ваз-2107 унаасы жөө жүргүнчүнү жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өткөрбөй, эреже бузган. Кызматкерлер аны текшерген учурда айдоочулук күбөлүгү жок болгон.

Ага карата протокол түзүү учурунда айдоочу үч миӊ сом акчаны кызматкерлерге сунуштаган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Айдоочуларындын эсине: Пара сунуш кылуу бул кылмыш жана ал үчүн Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 328-беренеси "пара берүү" менен иш козголот жана ири өлчөмдөгү айып пул жана эркиндигинен ажыратуу жазалары каралат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: