super.kg logo

"Сизди түрмөдөн чыгарыш үчүн мээнет кылган". Сыймык Жапыкеев камактагы Мелис Аспеков боюнча президентке кайрылды

 

Жоюлуп кеткен Финполдун мурдагы жетекчиси жана жана Октябрь окуясынын активдүү катышуучуларынын бири Сыймык Жапыкеев камакта жаткан активист Мелис Аспековду үй камагына чыгаруу боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды. Кайрылууну Жапыкеев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Менин Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаңыз каза болгондо Түптөн тажыядан таанышкам. Сиз жөнүндө айтып бүтпөйт эле. Сиздин эң биринчи тарапташыңыз, иниңиз, партиялаш, жакшы санаалаш катары билчүмүн. Мени бир нече жолу "Мекенчил" партиясына чакырган. Андан башка митингдерден эле көрчүмүн. Акча, бийлик тууралуу сүйлөшкөн дагы эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда бир доллар ойногон эмес.

Былтыр революция күнү эң чырылдаган ушул жигит эле. Сизди түрмөдөн чыгарыш үчүн абдан чоң мээнет кылганын билем. Жаныңызда бир айга жакын жүрдү. Анан эле кармалды, 250 миң доллар Дашковдон (ред. "Кыргыз темир жолу" ишканасынын мурдагы башчысы) алды деп камалганын уктум. Чынында кандай болгонун билбейбиз.
Бирок 250 миң доллар алган күнү деле келтирилген чыгым тергөөдө турат да. Бир тагдырдын астында эмне? Ден соолугу өтө начарлап кетти деген маалыматты уктум.


Менин жеке оюм, Урматтуу Садыр Нургожоевич өтүнөт элек, ушул жигитке жаман болду түрмөдө. Түрмөдө жылан жатпасын, Мелис Аспековго ырайым көрсөтүңүз. Камактан чыгарып берсеңиз туура болмок деген ойдобуз. Менимче, Мелис Аспеков жаман жигит эмес. Кандай болгон күндө да сиз үчүн экөөбүз телефондон катуу урушканбыз", - деп жазды Жапыкеев.

Мелис Аспеков 8-январда УКМК тарабынан кармалган. 10-январда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал жана дагы бир активист Улан Жураев "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде камакка алынган. УКМК алар бул ишканадан 250 миң доллар талап кылганын билдирген. Кийин Жураев үй камагына чыгарылган.

Кийин тергөө абагында отурган активист Аспеков Фейсбуктагы баракчасына президент Жапаров талапкер учурунда шайлоо кампаниясына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөсүнөн 10 миллион доллар алганы тууралуу билдирүү жазган.

Ички иштер министрлиги анын бул билдирүүсүнө байланыштуу сотко чейинки териштирүү баштаган.

11-августта Аспеков инфаркт алып, ооруканага жаткырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
03.11.2021. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жапыккев же Жапыкеев?
03.11.2021. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эми Садырды чыгышына жардамы тийгендир бирок ошол эле учурда аны бетине тутуп оз билгенини кыл дегенди билдирбейт да. Президент элди ойлош керек жанында журуп пара талап кылып баарын чечем, президент мени угат дегендер менен санаалаш болбош кк да. Коррупцияга аралаштыбы жазасын алсын!
03.11.2021. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жапыкеев сени да камаш керек!Эркиндикте жургонуно суйун кухня генералы!
03.11.2021. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жон эле отура берсе ушул бокмурун
03.11.2021. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садырдын атын сатып жургондорду камайбериш керек
04.11.2021. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кухняны да камаш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: