super.kg logo

Өлкөдө эң аз айлык алгандар китепканачылар. Жалпы 1064 китепкана бар

 

Бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков маданият министри Азамат Жаманкуловго кайрылып китепканалардын начар абалына көңүл бурууну айтты.

"Мени Жайыл районуна чакырышты, китепканасын, маданият үйүн көрдүм. Абдан абалы начар, ал тургай жылытуу системалары иштебейт. Ушул китепканаларга шарт түзүү үчүн каражат кайдан каралат. Шарт түзсөк болобу?", - деди депутат.

Жаманкулов китепканаларга каржы - райондук китепкана болсо министрликтен, айылдык китепканаларга айылдык кеңештерден, ал эми шаардык китепканаларга шаардык кеңештен каражат карала турганын билдирди.

"Эми китепканалардын абалы чын эле ошондой, бирок акыркы эки жылдан бери аз-аздан китеп чыгарып баштадык. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет дегендей көп сандаган китептерди чыгара албай жатабыз. Беш, он миллион сомго чейин акча бөлүнүп китептер чыгарылып, китепканаларга таратылып жатат, бирок бул деген өлкөдөгү китепканаларга 1-2ден гана китеп барып калат дегенди билдирет.

Менин жеке пикиримде китепканалардын иштөө форматын өзгөртүү керек. Жаштарга ылайыкташтырып, инновациялык китепкана кылышыбыз керек, креативдүү методдорду ишке ашырып, жаңы технологияларды киргизүү зарыл. Ушул максаттардын үстүнөн иштейбиз. Республика боюнча 1064 китепкана бар, азыркы учурда бүтүндөй системаны карап көрсөк эң аз айлык маянаны китепканачылар алат. Беш миң, алты миң сомдун тегерегинде", - деди министр.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: