Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга текшерүүчү топ киргизилбегени кабарланды. Милиция маалыматты четке кагат

Кыйноолорго каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген жок. Мындан улам Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору кесиптик ишмердикке тоскоолдук кылуу фактысын иликтөө өтүнүчү менен Ош шаарынын прокуратурасына кайрылды.
Улуттук борбордун маалымат кызматынан билдиришкендей, 2-ноябрда Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына улуттук борбордун өкүлдөрү алдын ала текшерүү жүргүзүшү керек болчу.
"Бардык тийиштүү документтер жана коргонуучу буюмдар болгонуна карабастан аталган топту мекемеге киргизүүгө тыюу салынган. Борбордун кызматкерлеринин жазуу жүзүндөгү катын кабыл алуудан да баш тартышкан. Убактылуу кармоочу жайдын башчысы Сагынбек Жээнбаев тарабынан аталган жайга кирүүгө жол берилбей жаткандыгы тууралуу жеринде акты түзүлүп, арыз жазылган.
Убактылуу кармоочу жайдын башчысы өзүнүн аракети менен “эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын ала баруу каалаган күнү жана каалаган убакта күн мурунтан эскертүүсүз жүргүзүлөт”, "координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн, улуттук борбордун кызматкерлеринин ишине кийлигишүү, тоскоолдук кылууга тыюу салынат жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет" деп белгиленген беренелерди бузган. Мындан улам убактылуу кармоочу жайда кыйноолорду колдонуу жана аны жашыруу мүмкүн деген шектенүүлөр пайда болот", - дешет мекемеден.
Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлеринин билдирүүсү жалган экендигин билдирет.
"Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун маалымат агенттиктерге берген маалыматтары чындыкка дал келбейт жана алардын мындай аракеттери түшүнүксүз. Борбордун тараткан маалыматтары ички иштер органдарынын, анын ичинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөйт. Окуя боюнча айта турган болсок, текшерүүчү топ саат 10:30 чамасында жетекчилик менен жолугушууга келгендерин айтышкан. Башкармалыктын жетекчилиги пландуу кеӊешмеде болгондуктан аларга мүмкүнчүлүк болсо түштөн кийин келүүнү сунуш кылган. Борбордун кызматкерлери макул болушуп, башкармалыктан кетишкен. Убактылуу кармоочу жайга кирүү боюнча сөз болгон эмес.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы адам укуктарын колдойт жана коргойт. Убактылуу кармоочу жайга кирип таанышууга мыйзамдуу укугу бар уюмдарга, борборлорго бут тосуу жок жана болбойт дагы", - деп кабарлады башкармалыктын маалымат кызматынан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.