Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында таза суу берилбейт
Эртең, 4-ноябрда Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында убактылуу таза суу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Мэриянын маалыматында айтылгандай, Ак-Босого-1, Ак-Босого-2 конуштарынын суу алгычтарында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эртең, 4-ноябрда саат 9:00дөн 17-00гө чейин убактылуу суу берилбейт.
"Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жашоочуларды, мекемелерди ичүүчү суу камдап алууну суранат", - деп жазылган маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.