super.kg logo

Сот Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арызды канааттандырган жок

 

Саясатчы Равшан Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз бүгүн, 3-ноябрда Биринчи Май райондук сотунда каралды. Соттун чечимине ылайык, Равшан Жээнбеков абакта калтырылды. Бул туурасында Биринчи Май райондук сотунун маалымат кызматынан белгилешти.

"Жактоочу Замир Жоошев Жээнбековдун чет өлкөгө барып дарылануусу, Кой-Таш окуясындагы иштерди бөлүп кароосу боюнча өтүнүч келтирген. Судья адвокаттын арызын канааттандырган жок. Кийинки соттук отурум 1-декабрга белгиленди", - дешти басма сөз кызматынан.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча бир нече фактылар боюнча шектелип камакка алынган. Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу шайлоо округунан талапкерлигин көрсөтүп, БШК саясатчынын документтерин каттоодон өткөргөн.

Өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: