Бириккен улуттар уюмунун комитети: "Орхан Инандынын жоголушу боюнча Кыргыз өлкөсү тыкыр иликтөө жүргүзгөн эмес"
"Сапат" билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын ФЕТОнун Орто Азиядагы өкүлү катары айыпталып кармалышы боюнча Бириккен улуттар уюмунун Кыйноолорго каршы комитети отчётун жарыялады. Анда Кыргыз өлкөсү Инанды боюнча тыкыр иликтөө жүргүзбөгөнү жазылганын жактоочу Таалайкүл Токтакунова айтып чыкты.
"Докладда Кыргыз Республикасы Орхан Инандынын дайынсыз жоголушу боюнча тыкыр иликтөө жүргүзбөгөнү белгиленет. Ошондой эле Түркиянын Кыргыз жергесиндеги элчилигинин имаратында "Сапаттын" башчысы табылышы мүмкүн экендиги тууралуу маалымат болгонун, бирок тергөөчүлөр (1963-жылдагы Вена конвенциясынын 55-беренесине ылайык, консулдук мамилелердин эрежелери буга тоскоол болбосо да) иликтөө жүргүзбөгөндүгү айтылат.
Андан тышкары отчётто Башкы прокуратура август айында Орхан Инандыны Кыргыз өлкөсүнөн мыйзамсыз алып чыгып кеткенде чек арачылардын шалаакылыгы жана чек арадан өтүү эрежесин бузгандыгы боюнча тергөө иштери башталганын билдиргени айтылат. Бирок 24-июнда Башкы прокуратура Рейхан Инандынын юридикалык тобуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тергөө тобунун курамына кирбегенин тастыктаганы белгиленет.
Кыргыз мамлекети Кыйноого каршы конвенциянын 3-беренесин сактабаган деп жыйынтыкталат. Жигердүү кызматташуу же шалаакылыктан улам (атап айтканда, тийиштүү тергөөнүн жоктугу) Кыргыз өлкөсү Орхан Инандынын кармалышына уруксат берген. Мындан улам Инанды кыйноолорго, ырайымсыз мамилеге туш болгон.
Адам укуктарын бузуу менен кыйноого, күч менен түрмөгө камоого көмөктөшкөн бир нече өлкөлөргө каршы доо арыз даярдап жаткан Йохан Ванде Ланотте мырзага кайрылдым. Мен юрист катары эмне үчүн Кыргыз өлкөсүн бул тизмеге киргизбей жатканын сурадым. Бир гана себеби - биздин өлкө Эл аралык кылмыш сотуна мүчө эмес экен", - дейт жактоочу билдирүүсүндө.
Орхан Инандынын жоголушу боюнча окуянын хронологиясы менен шилтеме аркылуу өтүп тааныша аласыз.

