Ош шаарында "Айданек" бала бакчасынын 100 орундуу кошумча имараты пайдаланууга берилди






Ош шаарындагы №30 “Айданек” бала бакчасынын кошумча 100 орундуу имаратынын ачылыш аземи болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, бала бакчанын жетекчиси, кызматкерлери, ата-энелер жана жергиликтүү тургундар катышты. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Венера Рыскулова шаар мэри Алмаз Мамбетовдун атынан катышуучуларды бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, жетекчисине интерактивдүү доска алуу үчүн 50 миң сом акча каражатын тапшырды.
"Аталган бала бакчанын кошумча имаратынын курулушу ушул жылдын январь айында башталган. Курулуш иштерине жергиликтүү казынадан 21 миллион сомдон ашык акча каражаты сарпталды.
Айта кетсек, учурда шаарда дагы эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.