"Тамактанып, жылынып, түнөй алышат". Бишкекте үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды




Бишкекте үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын суукташы менен үй-жайсыз адамдарга минималдуу социалдык кызмат көрсөтүү үчүн шаарда туруктуу жана убактылуу баш калкалоочу жайлар иштейт. 1-ноябрдан тарта эки райондо – Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу баш калкалоочу жайлар ачылып, ал жерге үй-жайсыз калгандар өз алдынча келип, тамактанып, жылынып, түнөй алышат.
"Октябрь районундагы убактылуу баш калкалоочу жай 12-кичи райондогу Аалы Токомбаев көчөсүндөгү көрктөндүрүү комбинатынын имаратында жайгашып, 80 орунга ылайыкталган. Баш калкалоочу жайга 0312 511938, 0559180218 телефондору аркылуу байланышса болот.
Райондук социалдык тейлөө секторунун адиси Сталбек Эсенкулов. Свердлов районунда 40 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай мурдагы көрктөндүрүү комбинатынын аймагында: көчөсү Ферет, 34 А. Сурап билүү телефону: 0312 360 335, 0706 168 877, Эркин Мамаев - Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси.
Андан сырткары жыл бою иштеген Биринчи Май районунун аймагындагы 70 орунга ылайыкталган «Коломто» МУ муниципалдык мекемеси иштейт. Ал жерде минималдуу кызматтар көрсөтүлөт: бир жолку ысык тамак, жатакана, жуунуу, санитардык тазалоо, буюмдар менен камсыз кылуу. Дареги: Жибек Жолу кең көчөсү №423", - деп жазылат маалыматта.

