super.kg logo

"Өзүнүн боорун алып салышып, ордуна атасынын боорунун 70 пайызын салышты". Акжол Кыдыевге Индияда операция жасалды

 

Мындан 3 ай мурда тишин жулдуруп гепатит жуктуруп алып, боорун алмаштырууга муктаж болгон 26 жаштагы Акжол Кыдыев тууралуу жазганбыз. Кайрымдуу адамдардын жардамында операцияга акча каражаты чогулуп, Индияга барып боорун алмаштырып келгендигин бейтаптын бир тууган таякеси Рустам Султанов SUPER.KG порталына билдирди.

"Акжол менин жээним болот. Ал гепатит оорусу менен 9 жылдан бери ооруп, быйыл абалы оорлоп кетти. Аргасыздан элден жардам суроого аргасыз болду. Бирок Кудайга шүгүр, кайрымдуу адамдардын жардамында акча каражаты чогулуп, Акжолду Индияга алып барып боорун алмаштыртып келдик. Өзүнүн боорун алып таштап, атасынын 70 пайыз боорун алып салышты.Эки бөйрөгүнө да күч келип ооруп жаткан, алгач бөйрөгүн дарылап, андан соң бооруна операция жасалды. Жалпысынан 31 миң доллар кетти операцияга, андан сырткары жатакана, тамак-аш, майда-чүйдөсүнө да 4 миң доллардай керектелди. Индияда эки ай дарыгерлердин көзөмөлүндө болду. Мен өзүм алып барып, жанында жүрдүм. Учурда ата, баланын абалы жакшы. Индияда медицина өнүккөн экен, дарыгерлер, шарттары абдан жакшы. Мен биринчи күйөө баламды алып келе бердим эле, Акжол дагы бир аз дарыланып апасы менен Ташкент аркылуу учуп келишти. Азыр абдан сүйүнүп турган чагыбыз . Сиздердин дагы салымыңыздар чоң, маалыматтык колдоо кылып жаттыңыздар, дагы башка блогер балдар дагы видеолорду чыгарып берип жатышты. Жардам көрсөткөн көпчүлүккө ыраазыбыз",- дейт Султанов.

Рустам Султанов Индияга Акжол Кыдыев менен бирге эле тамагынан рак оорусуна чалдыккан Жыргалбек Кимсанов аттуу айылдаш инисин дагы алып баргандыгын айтат. Ал дагы тамагынан операция болуп, учурда абалы канааттандырарлык экенин кошумчалады.

"Жыргалбек Кимсанов аттуу айылдаш иним дагы ооруп, аны дагы алып келгем. Операция жасалып, жакшы чыккан. Учурда ооруканада. Дагы химиялык терапиядан өтүшү керек дешти, бирок ал жакта бир аз ал кымбат болгондуктан Кыргыз өлкөсүнө алып келип эле алсын дегенбиз. Бирок түтүк менен тамак ичкендиктен азыр учакта учканга акыбалы жок болуп жатат. Акча каражаты дагы тартыш болууда",- дейт Султанов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.11.2021. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайым баарына шыпаасын берип сакайып кетишсин, жардам колун сунгандарга Алла ыраазы болсун!
06.11.2021. 03:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым дартына жараша шыпаасын берсин.Жап жаш жигиттер экенсиздер,омурунуздор узун болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: