20 сомго чейин көтөрүп алышкан. Чыгыш айылынын тургундары эми кичи автобустарга 15 сомдон төлөшөт

Маалыматка ылайык, Шаардык транспорт башкармалыгына Чүй облусунун Чыгыш айылынын тургундарынан коомдук транспорттун баасы боюнча кайрылуу келип түшкөн.
"Тургундар кичи автобустардын ортосундагы чоң интервал жана бул конуштун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын уруксаты жок Чыгыш айылына баруучу №254 кичи автобустук каттамдын тарифин 20 сомго чейин мыйзамсыз көтөрүлгөнү тууралуу айтып беришкен.
Буга байланыштуу башкармалыкка №254 кичи автобусту тейлеген "Жазада Транс" ЖЧКсынын директору О.Молдобочаев, Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы Качкынбай уулу Адилет жана Чыгыш айылынын тургундары чакырылган.
"Жазада Транс" ЖЧКсынын директоруна Чыгыш айылына баруучу №254 кичи автобустун жол кире баасын борбордо колдонулуучу тариф боюнча 15 сомго чейин түшүрүү тапшырмасы берилди. Мындай жол кире Лебединовка айыл өкмөтү менен макулдашылганга чейин жарактуу болот. Ошондой эле, жетекчиге №254 кичи автобустун белгиленген пландуу чыгуусун камсыз кылуу тапшырылды", - деп жазылган маалыматта.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын январында күнүнө орто эсеп менен 1 миң 361 кичи автобус линияга чыгып жаткан. 2021-жылдын биринчи жарымында күн сайын орто эсеп менен 1 миң 443 кичи автобус каттамга чыгып, бүгүнкү күндө орто эсеп менен 1 миң 600 кичи автобус бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.